Учурда COVID-19 вирусун жуктуруп алып, бейтапканаларда дарыланып жаткан 304 адам бар, алардын 13ү оор абалда, 6 киши жандандыруу бөлүмүндө.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 26-апрелде онлайн-брифингде билдиргендей, вирусту бүгүнкү күнгө карата 682 адам жуктурган. Алардын 15 жашка чейинки балдардын саны - 81, 1 жашка чейинкиси - 4, 16 жаштан 19 жашка чейинкиси - 19, 20 жаштан 35 жашка чейин - 186, 35 жаштан 55 жашка чейин - 246 адам, андан өйдөгү курактагылар - 150.
“Учурда айыккандардын саны 370 адамды түзүп, ооруканада жаткандарга караганда көп болуп, абал жакшы жакка ооп жатканын көрсөтүп жатат. Азыр эпидемиологиялык параметр менен карасак, локалдык мүнөздө болуп турат. Кээ бир аймактарда курчуп, кээ бир облустарда басаңдап баратканы байкалууда. Жалпысынан абал анча өөрчүгөн жок”, - деп айтты орун басар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн