Кулжа 24, 2025
Убакыт: 15:46
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуш компаниясынан жабыркагандар менен жолукту

24.06.2025 11:45
20
Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуш компаниясынан жабыркагандар менен жолукту


Кечээ курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Асма Строй" курулуш компаниясынан жабыркагандар менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, арыз Бишкек шаарындагы Абай/Панфилов дарегиндеги "Достук" турак жай комплексинин жана Чымкент көчөсү, №28 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйүнүн сатып алуучуларынан түшкөн.


Алар курулуп жаткан объектилер өз убагында бүтпөй, жабыр тартып жаткандарын айтышкан.


Министр Нурдан Орунтаев курулуш объектилерин жеринен көрүп чыгып, тиешелүү башкармалыктарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал курулуштун жүрүшүн тездетүү үчүн чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн