Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нурдин Букуев футзал боюнча 4 дүйнө биринчилигин тейлейт

05.07.2021 18:17
1251
Нурдин Букуев футзал боюнча 4 дүйнө биринчилигин тейлейт


12-сентябрдан 3-октябрга чейин Литвада өтө турган 2021-жылдагы дүйнө чемпионатынын матчтарын ФИФАнын калысы Нурдин Букуев калыстык кылат.


Кыргызстандык калыс үчүн бул дүйнөлүк чемпионат матчтарды тейлеген төртүнчүсү болот. Бул көрсөткүч боюнча Букуев рекорд орнотот, ал төртүнчү дүйнөлүк чемпионатка калыстык кылган дүйнөдөгү биринчи ФИФА калысы болот.


Букуевдин карьерасындагы биринчи дүйнөлүк чемпионат 2008-жылы Бразилияда болгон. Ошондой эле 2012-2016-жылдардагы дүйнөлүк кубоктун матчтарында кылыстык кылган.


Литвада өтө турган дүйнө биринчилигин 40 калыс тейлейт, алардын сегизи Азиядан.


Чемпионатка Азия футбол конфедерациясынан Кыргызстан, Иран, Япония, Австралия, БАЭ, Кытай жана Бахрейндин өкүлдөрү дайындалган.


P.S. Маалымат АКИпресс сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн