Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Нургазы Анаркулов «Ордо оюндарынын» курмандыгы болуп калган жокпу?

01.02.2021 11:09
828
Нургазы Анаркулов «Ордо оюндарынын» курмандыгы болуп калган жокпу?

30-январь күнү таң эрте КР президенттик аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганы маалымат каражаттарында чагылгандай тездик менен тарады. Ал кайсы бир адамдын кызматка баруу маселесин чечип берем деп акча талап кылды деген да маалымат кошо айтылды.


Нургазы Анаркулов узак жылдардан бери карай азыркы тапта УКМКны жетектеп турган Камчыбек Ташиевдин жанында жүргөн ишенимдүү адамдарынын бири болгон. Муну К. Ташиев өзү да Анаркуловдун кармалышы боюнча маалыматка комментарий берип жатып ырастады. «Ишибизге байланыштуу бир нече ирет жолубуз бириккен, башыбыздан көп нерселер өткөн. Аны жакшы жагынан гана билем. Эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Анаркуловду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылды деген шек менен кармап отурат. Мындай мыйзамсыз аракеттер элдин бийликке ишенимин кетирип, кадырын түшүрөт. Менин Анаркулов менен тааныштыгым жана жакын мамилем иштин иликтенишине таасир этпейт», — деди Ташиев.


Туура, мыйзам баарына бирдей иштейт. Мыйзамды бузган адам ким экенине, кимдин жакны же тууганы экенине, кандай даражадагы кызматта экенине карабай жоопкерчиликке тартылышы шарт. Андыктан Камчыбек Кыдыршаевичтин позициясы толук түрдө мамлекеттин кызыкчылыгындагы позиция.


Бирок, маселенин экинчи жагын да карап койбосо болбойт. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Анаркуловдун президенттин айланасындагылардын интригасынын курмандыгы болуп калды деген пикирлер да айтылып жатат. Алтургай анын кызмат ордуна кызыккан тарап да болгон деген ойлорун айтып чыкты. Жел жүрбөсө, чөптүн башы жөн эле кыймылдабайт. Анын үстүнө илгертен эле падышалардын айланасындагылардын ортосунда түрдүү «оюндар» жүрүп келген. Муну «Ордо оюндары» деп аташкан. Президент бирөө болгону менен, анын командасында экиге, алтургай үчкө бөлүнүп алган топтор болуп келген. Анын баары коомчулукка ачыкка чыкпаса дагы, Ордонун ичинде тымызын тирештер болгон. Таасир талашуулар болгон.


Мына ушул өңүттөн алганда Нургазы Анаркулов чындап эле «Ордо оюндарынын» курмандыгы болуп калган жокпу деген суроо жаралат. Мындай интриганын бар болгонуна дагы бир жагдай мисал боло алчудай. 28-январда өткөн президент Садыр Жапаровдун игаугурациясын уюштуруу тобунда эмнегедир президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кошулбай калганын билебиз. Ал тизмеде КТРКнын башкы директору менен жеке менчик телеканал «7-каналдын» директору кошулган. Эмне үчүн ага ошондо Анаркулов кошулбай калды эле? Буга да интрига себеп болгон эмеспи?


Дагы бир жолу белгилеп кетели, коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбошу керек. Өзгөчө мамлекеттик жогорку кызматтагылар бири-бирин жеке тааныштык мамилелери үчүн коргоого алганы туура болбойт. Анда эле бийликке карата ишеним жоголо баштайт. Ошол эле убакта «Ордо оюндарынын» интригаларына да жол берилбеши керек. Биз азыр жаңы президенттин командасынын ичинде ачык эле тирешүүлөр болуп жатат дегенден алыспыз. Бирок, ошондой болуп жаткан болсо, ага президент Садыр Жапаров жол бербеши зарыл. Интригалардын айынан кимдир-бирөөнүн жаңыдан башталып жаткан саясий карьерасы, тагдыры бузулганына жол берүүгө болбойт. Эгерде бул жерде интрига бар болсо, анда аны да өтө кылдат текшерүү болушу шарт. Болбосо, өзүнүн узак жылдардан берки ишенимдүү адамдарынын интрига курмандыгы болуп калышына жол берилсе, анда башкалардын укугу кантип корголот?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн