Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Нургазы Анаркуловго тагылган куру доомат

03.02.2021 10:47
1725
Нургазы Анаркуловго тагылган куру доомат

Коомчулуктун көңүлүн бурган акыркы окуялардын бири – бул КР президенттик аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловдун «Ири суммада акча талап кылган» деген кине менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганы болду. Адегенде бул маалымат чыкканда иштин чоо-жайы кандай болгону тууралуу жеткиликтүү маалымат болбогондон улам, алдын-ала эле актап-жактап чыга калуудан карманууга туура келди.


30-январда таң эрте жумуш ордунан АКС кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен Анаркуловдун кимден канча акча талап кылганы тууралуу так маалымат дээрлик айтылган жок. 1-февралда УКМК аны камакка алуу боюнча эч кандай бөгөт чарасы тандалбаганын, бирок кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады. Айрым сайттар укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме жасап, Н. Анаркуловдун ишине байланыштуу жабырлануучу катары өтүп жаткан адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканын, ошондон улам ал үй камагына чыгарылганын жазышты.


Эми бул иштин камакка алынгандан тарта азыркысына чейинкисин анализдеп көрбөйлүбү. 30-январь ишемби күнү болчу. Н. Анаркуловдун өтө жакын адамынын айтымында ал жумуш ордуна эртең мененки саат 9:30дарда барган. Ал эми анын УКМК тарабынан кармалганы тууралуу маалымат интернеттеги социалдык түйүндөрдө саат 10:00 чамасында тарап жатат. Демек, Анаркулов иш кабинетине кирип барып отураары менен эле кармалган деп түшүнөлү. Анан ал жерден УКМК жеткирилди дейли. Бул операцияны ишке ашырганча деле бир топ убакыт кетсе керек. Бирок, чагылгандай тездик менен, анын кармалганы тууралуу маалыматтын даяр болуп калганын кандай түшүнсөк болот? Же Анаркуловдун кармалганын коомчулукка ушунчалык шашылыш жеткирүү милдет беле? Маалымат алдын-ала даярдалып коюлган эмес беле?


Экинчиден, кимдир бирөө арыз жазып койсо эле, ошонун негизинде бара калып, иш кабинетинен баса калып кармап кетүү туурабы? Жөн эле «Сиздин үстүңүздөн ушундай арыз түштү, бизге келип суроолорубузга жооп берип коесузбу?» деп чакырышса кандай болмок? Анын ири суммада акча талап кылганын ырастаган фото, видео же аудио жазуулар сыяктуу далилдер барбы? Эгер андай далилдери жок эле баса калып кармап, анан кармап жаткандагы сүрөттү коомчулукка таратып жиберүү адам тагдырын сындырууга барабар эмеспи?


Үчүнчүдөн, эгерде арыз жазган адам өзү кайра көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткан болсо, анда Н. Анаркуловду куру доомат менен каралап, коомдо резонанс жараткандыгы үчүн өзүн жоопкерчиликке тартууга туура келсе керек. Ал ойноп арыз жазып койгон болсо, анын арты менен кызматтагы бир адамдын кадыр-баркына көлөкө түшүп, үй-бүлөсү да моралдык жактан жабыркаганын кайда катабыз? Арыз жазып, анан кайра көрсөтмө берүүдөн баш тартып коюуга эч кандай жаза каралбаса, анда эртең бири-бирин аңдыгандардын баары эле арызчыл болуп кетпейби?


Төртүнчүдөн, айрым интернет сайттардагы маалыматтарга караганда, Н. Анаркуловдун үстүнөн арыз жазган адам КТРКнын башкы директорлук кызмат ордуна талапкер болгон экен. Демек, ал «Менин ушул кызмат ордуна барышым боюнча маселени чечип берем деп ири суммада акча сураган» деп арыз жазган болот да? Бирок, КТРКнын башкы директору 2020-жылдын 30-декабрында эле байкоочу кеңеши тарабынан шайланып калбады беле? Анан арадан толук бир ай өткөндөн кийин ал талапкер арыз жазып жатабы? Эгерде ошондой талап кылуу болгон болсо, анан ал талапкер аябай эле акыйкаттыкты сүйгөн болсо, эмнеге ошондо эле дароо арыз жазган эмес? Же бир ай бою арызды кантип, кандай формада жазышты ойлонуп отурдубу?


Ток этерин айтканда, Нургазы Анаркулов акча алып жаткан жеринен кармалган жок, акча талап кылып жатканын далилдеген видео же аудиожазуулар бар экени айтылбады. Демек, факты жок. Арыз жазган адам өзү кайра көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Анда эмне үчүн Анаркулов кызмат ордунан ажырап, ошол эле убакта моралдык жактан запкы тартышы керек? Бул боюнча УКМК кенен маалымат бериши зарыл. 


Ак жеринен каралоого тушугуу кандай болорун бүгүнкү мамлекет башчысы Садыр Жапаров абдан жакшы түшүнөт. Андыктан Н. Анаркуловдун ишине жеке өзү бир олуттуу көңүл буруп, анын кандай интриганын курмандыгы болуп калганын териштирип, акыйкаттыкты кайра ордуна орнотууга жардам кылат деген ишеним бар.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
765
Карандай калп,бул жөн гана подстава болду окшойт.Нургазы Анаркулов Сеитказыевич андай инсан эмес.