Нурлан Мотуев өзүнүн жубайы менен ажырашканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.
Мотуевдин айтымына караганда, ал жубайы менен 3 жыл жашаган.
"Башында баары жакшы болгон. Мен анын карыздарын төлөп бердим. Ага да рахмат менин оор күндөрүмдө чогуу болду.
Бирок баарын байлык бузат деген чын экен. Ага чоң үлүш тийгенден кийин башкача болуп баштады.
Аны менен балалуу болуу дагы буюрган эмес экен",- деди Мотуев.
Нурлан Мотуев ошондой эле жубайына ажырашуу алдында бир бөлмөлүү батир жана унаа сатып ала турган акча бергенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн