Нурлан Мотуевдин баш коргоо чарасы каралды.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 1-ноябрдагы чечими менен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү С.С.нын камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды.
Белгиленгендей, Нурлан Мотуевдин камалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.
Ошондой эле Свердлов райондук сотунун чечими менен кармалган Нурлан Мотуевге карата 2024-жылдын 29-декабрына чейин, тергөөнүн мөөнөтү аяктаганча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулду.
Эске салсак, Нурлан Мотуев расалык, улут аралык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козуткан деген шек менен борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн