Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Нурлан Насип Асел Кадырбекова тууралуу үн катты

15.07.2020 19:50
1456
Нурлан Насип Асел Кадырбекова тууралуу үн катты

 

Абалы жакчы деп айтылган ырчы Асел Кадырбекованын саламаттыгында жылыш бар экенин анын жолдошу Нурлан Насип инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

 

"Кудайым чоң кырсыктан сактап, дарыгерлердин жардамы менен, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык! Жаратканга чексиз шүгүр келтирем.

"Асел кандай болуп калды?" деп күнү-түнү сурагандар абдан көп, кыскача айта кетейин. Буюрса, алдыга жылыш бар, бирок өзүнө толук келиши үчүн көп убакыт керек экен. Убакыт баарын дарылайт. Айттырбай келген кырсыктан алыс болуңуздар, бизге кылган дубаларыңыздар сиздерге эки эселеп тийсин", - деген Нурлан Насип.


Белгилей кетсек, Асель Кадырбекова 26-июнда саат 15:45 чамаларында жол кырсыгына кабылган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран "Хонда Одиссей" унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап бара жатып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу Кадырбекова  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.


"Хонда Одиссей" унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.


Ал эми жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн