Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин мыйзам актылары кыргыз тилинде так жана туура жазылышын тапшырды

17.10.2022 17:22
367
Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин мыйзам актылары кыргыз тилинде так жана туура жазылышын тапшырды


Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Аппаратынын жетекчиси Бакытбек Мажитов баштаган тийиштүү бөлүмдөрдүн башчыларын кабыл алып, мыйзам актыларынын мамлекеттик тилде туура жана так жазылышына байланышкан маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууга Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская катышты.


Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилди колдонууда башка бийлик бутактары үчүн үлгү болушу керектигин белгилеп: “Бардык мыйзам актылары алгач мамлекеттик тилде даярдалып, андан кийин расмий тилге которулушу шарт. Айрыкча, парламент мыйзам чыгаруучу жана анын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган катары мыйзам долбоорлорун кароодо мамлекеттик тилдин талаптарын, эрежелерин эске алып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербеши зарыл”, – деди.


Муну менен катар айрым мүчүлүштүктөргө токтолгон Нурланбек Шакиев Аппараттын тийиштүү бөлүмдөрүн мыйзамдардын кынтыксыз даярдалышына карата көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.


Ошондой эле жолугушууда Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова сөз сүйлөп, мыйзам актыларындагы мамлекеттик тилдин колдонулушуна багытталган сунуш-пикирлери менен бөлүштү. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн