Бугу 01, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Нурлан Сулайманов коомчулукту чуулдатпай, өткөн иштерине чекит койбойбу?

21.01.2022 14:08
1302
Нурлан Сулайманов коомчулукту чуулдатпай, өткөн иштерине чекит койбойбу?


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жыйын кылып аткан сүрөтү тарады. Сол жагында жүзү жашырылган Нурлан Сулайманов отурат. Бул боюнча сын-пикирлер жаап, коомчулукта талкуу жаралды. “Мурда кылмыш иши козголгон, издөөгө алынган адам кайдан пайда болду?” деп жазып чыгышты. Соцтармакта төө бастыга алынды...


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы “Нурлан Сулайманов коомдук башталгычтагы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси” деп маалымат таратты. Бирок мындай жымсалдоо огобетер ырбатып, ыңгайсыздыкты жаратты. Себеби, коомдук башталгычтагы кеңешчи жыйындын төрүндө отурбайт да. Түшүнүктүү. Кызык, эмнеге тамтаңдап жатышат? Жашырып-жаппай, шек жаратпай эле ачык кызматташа беришпейби? Бир убакта Нурлан Сулаймановго кылмыш иши козголсо, кийин эмне болду? Акталдыбы, же соттолдубу? Акылына, тажрыйбасына муктаждык жаралса, ачык эле айткыла да, туурабы? А биздин билишибизче, Акылбек Жапаров экөө илгертен мамилеси жакын “чөйчөктөш” достордон. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей...


Эске салсак, Нурлан Сулаймановдун баласы Элдар Сулайманов өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип, жетиштүү добуш алып, депутат болду. “Соодагер баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт” дегендей, учук улаган уулу да саясатка аралашты. Таасирдүү үй-бүлө экенине көзүңөр жеттиби?..

Кыскасы, Нурлан Сулайманов кызык киши экен. Кеңеш берели. Коомчулукту чуулдатпай, өткөн чактагы иштери боюнча ачык айтып, чекит коюп салбайбы. “Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт?” дейт. Мамлекеттен “алганы” болсо кайтарсын, же “каралоого кабылгам” десин. Анан эмне? Андан аркысын шашпай көрөбүз да... 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн