Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Нурланбек Шакиев Ала-Бука районунун Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты

14.06.2024 13:25
525
Нурланбек Шакиев Ала-Бука районунун Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты.

Аземде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылган төрага Нурланбек Шакиев: “Анын ичинен билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Акыркы жылдары эле 200дөн ашуун жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул албетте чек эмес, дагы көп иштер жасалат. Анткени, агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мектепке мыкты мугалимдерди тартып, билим берүүнүн сапатын көтөрө алабыз”, - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштер жөнүндө да учкай кеп кылган Төрага депутаттар аймактарды өнүктүрүү багытында жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады. Буга мисал катары Ала-Бука шайлоо округунан депутат болуп шайланган Азизбек Турсунбаев калк турмушун жакшыртуу багытында көптөгөн демилгелерди көтөрүп келе жатканын белгиледи.

Сөзүнүн аягында өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин айткан Нурланбек Шакиев мугалимдер менен ата-энелерди эриш-аркак иш алып барып, балдарга татыктуу таалим-тарбия берүүгө чакырды.

Муну менен катар агартуучуларга ийгиликтерди каалаган төрага жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Эскерте кетсек, 225 орундуу мектептин курулушуна жалпы 67 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн