Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Нурланбек Шакиев: Аялдарга күндүз да көчөгө чыгуу кооптуу болуп калды

22.11.2023 14:30
261
Нурланбек Шакиев: Аялдарга күндүз да көчөгө чыгуу кооптуу болуп калды


Аялдарга күндүз да көчөгө чыгуу кооптуу болуп калды. Бул тууралуу парламенттин спикери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, акыркы убакта коомдо аялдарга карата зордук-зомбулук көп катталууда.


«Мен Ички иштер министрлигинин башчысы менен сүйлөшүп, бул багытта биргелешип иштөөнү сунуштадым. Бардык мамлекеттик мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу зарыл. Аялдарга күндүз да көчөгө чыгуу кооптуу болуп калды. Жаңы төрөлгөн үч наристе көчөдө калып, апалары табылды. Бул өкүнүчтүү», - деди спикер.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдарга карата бир нече күч колдонулган фактылар катталган. Мындан тышкары, үч жаңы төрөлгөн ымыркай көчөгө ташталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн