Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Нурланбек Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти

03.06.2024 17:48
165
Нурланбек Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти


Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы алкаларды арттырууга байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Джумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн