Бугу 08, 2024
Убакыт: 21:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбар койду

05.10.2023 09:50
299
Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбар койду


Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларуска расмий иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбар койду.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Нурланбек Шакиев эки мамлекеттин гимндеринин коштоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, таазим этти.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн