Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:28
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Нурланбек Шакиев Ош шаарында катталган селге байланыштуу кайрылуу жасады

15.07.2024 16:42
275
Нурланбек Шакиев Ош шаарында катталган селге байланыштуу кайрылуу жасады


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош шаарында катталган селге байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөбүздүн экинчи борбор калаасы аталган Ош шаарында катталган сел кырсыгы көпчүлүктү бушайманга салды. Селден улам каза болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу менен жабыркагандарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүшү керек", – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле ал аба ырайынын туруксуздугунан улам жалпы өлкө аймагында сел кырсыктары арбын катталып жатканына токтолду.

"Кырсык айттырып келбейт. Бирок алдын-алуу иштерин күчөтүп, жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Дарыялардын жээктерин бекемдеп, ар кандай курулмаларды курууда коопсуздук эске алынышы шарт. Себеби, адам өмүрү баарынан кымбат", – деп кошумчалады ал өзүнүн карылуусунда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн