Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 00:29
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Нурланбек Шакиев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту

10.12.2024 09:41
131
Нурланбек Шакиев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери да катышты.

Баарлашууда эки жана көп тараптуу алакаларды арттыруу, айрыкча ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле байланыштарды бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу тууралуу сөз болуп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгы белгиленди.

Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн