Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев Талантбек Имановду же кыргыз тилинде, же расмий тилде сүйлөөгө чакырды.
"Талантбек мырза азыр сизди байкап отурсам кыргыз тилин аябай кордоп жатасыз. Бир сөзүңүз кыргыз тилинде болсо, 3 сөзүңүз расмий тилде. Улуу кыргыз тилин минтип кордобой же мамлекеттик, же расмий тилде сүйлөңүз",- деди эл өкүлү.
Ал эми Талантбек Иманов туура эмес сүйлөгөнү үчүн кечирим сурады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн