Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:46
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Нурланбек Шакиев Токмоктогу кесиптик окуу жайдын абалы менен таанышты

23.05.2023 13:36
179
Нурланбек Шакиев Токмоктогу кесиптик окуу жайдын абалы менен таанышты

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы №23 кесиптик лицейдин абалы менен таанышты.


Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган билим берүү жайы 1957-жылы түзүлүп, учурда жыгач уста, унаа оңдогуч, ширетүүчү, ашпозчу өңдүү адистиктер боюнча 290 окуучу билим алат.


Мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуу учурунда төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп: “Өлкөнүн бардык аймагында жаңы мектептердин жана бала бакчалардын имараттары курулуп, агартуучулардын айлык маянасын кийинки жылы дагы көтөрүү пландалууда. Ошондой эле кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган аракеттер да жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.


Муну менен катар өлкөдөгү жаңыланууларга учкай токтолгон төрага: “Курулуш, коммуникация тармактарында, айрыкча тейлөө кызматтарында кесиптик лицейлерден билим алган адистерге муктаждык чоң. Андыктан билим менен тажрыйбаны айкалыштырган адистерди чыгарып, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө өз салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, – деди.


Андан тышкары, жолугушууда лицейдин жылытуу системасын жаңыртуу маселеси көтөрүлүп, 30 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн системаны калыбына келтирүүгө 1 млн 700 миң сом талап кылынары айтылды.


Төрага аталган маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирип, кийинки жылы толук жаңыртуу тапшырмасын берерин убада кылды.


Эскертке кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Айбек Маткеримов, Эмил Токтошев, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакытбек Кудайбергенов баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн