Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Өзгөн районуна барды

30.08.2023 14:39
386
Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Өзгөн районуна барды


Бүгүн, 30-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Өзгөн районуна барды. Бул утуралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Ана-Кызыл айылында жайгашкан А.Өмүрзаков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Алсак, аталган мектептин бир корпусу 1980-жылы курулса, экинчиси 1988-жылы салынып, үчүнчүсү 1995-жылы ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Пайдубалдарында жана дубалдарында жарака кетип, авариялык абалга кептелген мектепте азыр 523 окуучу билим алат. Ага ылайык, жаңы окуу имаратын куруу максатталган. Мугалимдер жана жергиликтүү тургундар Төрагадан куруу иштерин тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Жолугушууда Нурланбек Шакиев бул маселеден кабары бар экенин айтып: “Быйыл долбоорлоо иштери толук аяктаса, 2024-жылы жылы жаңы мектептин курулушу башталат. Баарыңыздар билгендей, акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн мектептер жана бала бакчалар салынууда. Буга чейин мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылса, быйыл дагы пенсионерлерибиздин пенсиясы көбөйтүлгөнү турат. Бул иштердин бардыгы туура жүргүзүлгөн саясаттын жана өлкөдөгү туруктуулуктун жемиши десек болот. Ынтымак жана биримдик менен реформалар тынбай улантылса, жакынкы жылдары эле өлкөбүз өнүккөн мамлекетке айланары анык”, – деди.

Ошондой эле аталган мектепке заманбап компьютерлерди берип жиберерин билдирди.

Андан соң төрага Кашка-Терек айылында жайгашкан К.Кулматов атындагы орто мектепке барды. Аталган мектеп 1963-жылы салынып, азыркы тапта авариялык абалда болгондуктан, жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды. Жергиликтүү эл Төрагадан заманбап шарттагы жаңы мектептин курулушун тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Анткени, авариялык абалдагы мектепте 466 окуучу билим алууга аргасыз.

Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев пайдубалы түптөлүп жаткан мектептен мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, тиешелүү мекеме жетекчилерине керектүү каражатты убагында бөлүп берип туруу талабын койду.

Муну менен катар жолугушууда жергиликтүү тургандар Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол Кашка-Терек айылы аркылуу өтөрүн белгилеп, аны тездетип бүткөрүү зарылчылыгын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Данияр Төлөнов, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн