Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Нурланбек Шакиевди желекти алмаштырганы үчүн жоопко тартууга болобу? Феликс Куловдун жообу

23.12.2023 19:48
1187
Нурланбек Шакиевди желекти алмаштырганы үчүн жоопко тартууга болобу? Феликс Куловдун жообу


Кечээ, 22-декабрда КСДП партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Башкы прокурор Курманкул Зулушевге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликтен аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоону суранган.


Партия лидеринин айтымында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Конституцияда да, “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамында да Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик тууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктары берилген эмес.


Бул окуя боюнча экс-премьер-министр Феликс Кулов "спикердин мындай аракети Конституцияны бузуу болуп саналабы жана кылмыш-жаза мыйзамдарына туура келеби?" деген суроолорго комментарий берген.


«Чындыгында, Конституцияда да, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамда да мамлекеттик символикага өзгөртүүлөрдү киргизе албайт деп жазылган эмес, бирок, мисалы, өлкөнүн Негизги мыйзамында парламенттин өлкөнүн атын өзгөртүү же өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн эмес, а бирок алар, бардыгыбыз көрүп тургандай, кабыл алынган мындай чечимдерди конституциялык эмес деп табуу эч кимдин оюна да келбейт, анткени алар биздин мыйзамдарга толук шайкеш келет.


Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу, мыйзамдарды кабыл алуу жана аларга түшүндүрмө берүү укугуна ээ болгон эң жогорку мыйзам чыгаруу органы болуп саналат. Демек, ал өлкөнүн мамлекеттик же коомдук турмушунун каалаган чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарды кабыл ала алат.


Мамлекеттин функцияларынын бири – укуктук боштуктун алдын алуу. Мамлекетте тиешелүү мыйзамдар жана кодекстер менен жөнгө салынбаган бир дагы тармак жок.


Бул мамлекеттик символдорго да тиешелүү.


Ошентип, Кыргызстандын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзам мындан жыйырма жылдай мурун Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бүгүн парламент символдордун бири – мамлекеттик тууга байланыштуу дагы бир мыйзам менен бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Демек, бул жерде Конституцияны бузуу жок, андан да спикердин аракетинде кылмыш иши жок. Кошумчалай кетсек, парламенттин спикери негизи модератор болуп саналат. Аны оркестрдин дирижеру менен да салыштырууга болбойт. Дирижер каалаган музыкантты кызматтан алып, анын ордуна башкасын коё алат, бирок төрагада мындай ыйгарым укуктар жок. Ал белгиленген тартипте депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган парламенттин бардык чечимдерине кол коюуга милдеттүү.


Бул маселенин юридикалык жагына гана тиешелүү нерсе.


Ал эми желекти өзгөртүү фактысына келсек, коомчулуктун бул темага мамилеси эки ача экени айдан ачык. Көптөгөн сындар айтылды.


Кээ бир адамдар туудагы дизайнды өзгөртүүгө ыйык маани беришет, бул алардын ою боюнча өлкөнүн жана элдин турмушунда оң өзгөрүүлөргө алып келет. Кээ бир адамдар башка, андан да маанилүүрөөк иштерди кылышыбыз керек деп эсептешет.


Дегеле, канча адам, ушунча пикир дегендей. Эң негизгиси, ушуга карабастан социалдык тармактардагы жана “кухнядагы” чыр-чатактар, нааразычылыктар көчөгө жылбай жатат. Бул Конституцияга ылайык мамлекетибиздин эң маанилүү принциптеринин бири болгон демократиянын бир көрүнүшү», - деди Феликс Кулов.


Эске салсак, 20-декабрдаЖогорку Кеңештин депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен колдошкон. 22-декабрда Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.


Ошол эле учурда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков мыйзам долбоорун иштеп чыгууга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Курманкул Зулушевден сурады.


Редакциядан: Маалымат kaktus.media сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн