Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Нурмагомедов: Россиядан чыга албайм, Фергюсонго жаңы атаандаш издеп жатат

30.03.2020 15:38
864
Нурмагомедов: Россиядан чыга албайм, Фергюсонго жаңы атаандаш издеп жатат


UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов каршылашы Тони Фергюсон менен боло турган беттеши тууралуу үн катты. Ал учурда Россияда экенин айткан.


Маалыматка ылайык, Россия 30-марттан тарта чек араларын убактылуу жапты, мындан улам Нурмагомедов башка өлкөгө чыга албайт.


Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши 18-апрелге белгиленген. Бирок кайсыл жерде өтөрү азырынча белгисиз болчу.


“Учурда Дагестанда жүрөм. Машыгып жатам, бирок эмнеге билбейм. Мага жеткен маалымат боюнча, учурда UFC штаттардын бири менен сүйлөшүптүр жана Америкада мелдеш өтүүсү мүмкүн экен. Мен Россиядан учуп кете албайм. Мага маалым болгондой Тони Фергюсонго учурда башка атандаш издеп жатат”, - деген мушкер.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн