Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 19:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Нурсултан Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан ажыратылды

12.01.2023 15:27
704
Нурсултан Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан ажыратылды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан ажыратылды.

Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамын 2019-жылдын июнь айында кызы Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп турганда алган.

Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы күчүн жоготкону 11-январда расмий кабарланган. Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген бул мыйзам 2000-жылы кабыл алынган эле.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн