Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанды жарандык согуштан кантип сактап калган?

16.12.2020 10:35
691
Нурсултан Назарбаев Кыргызстанды жарандык согуштан кантип сактап калган?


Коңшулаш Казакстандын биринчи президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалынын «Портретке штрихтер» аттуу документалдуу фильминде Кыргызстанды эки ирет ашыкча кан төгүлүүсүнөн кантип сактап калганы тууралуу айтып берди. 


«Мен Кыргызстан тууралуу айтышым керек. Акаев. Мен аны Бишкектен Таразка вертолет аркылуу алып чыгууга туура келген. Татаал абал эле, ал жакта аткылоолор болушу мүмкүн болчу, бирок конфронтация болбошу үчүн мен аны алып чыгып кеттим. 


Андан кийин ошондой эле тарых болду. Ошко жайгашып, өзүнүн тарапташтарын чогултуп, куралданып жана Бишкек тарапты көздөй барууга даяр болчу. Мен: «Курманбек (Кыргызстандын мурунку президенти Бакиев) сен эмне кылып жатасың, эмнеге? Кан төгөсүң. Кайрадан президенттикке отургуң келеби? Ошондон кийин кантип иштейсиң?». Убактылуу президент бар болчу (Роза Отунбаева) – мен аны менен телефон аркылуу байланыштым, ал: «Бир нерсе кылыңызчы, Курманбекти тынчтандырыңыз». Курманбекке чалып: «Мен сени Оштон алып чыгып кетейин. Андан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүң, жанымда болосуң, бул жерде» дедим. Аны араң көндүрдүм», - дейт Нурсултан Назарбаев маекте. 


Кыргызстанда апрель окуялары болуп жаткан маалда Вашингтондо антиядролук маселелер боюнча жыйын болуп жатканын айтат Елбасы. 


«Биз ошол жакта болчубуз. Россиянын президенти Медведев эле. Обама бар. Биз үчөөбүз отуруп алып, шыбырашып жатканыбыз боюнча сүрөт бар. Ал дал ушул Кыргызстан боюнча болгон, ал жакта жарандык согуш башталганы жатканы тууралуу. Бакиев куралдуу отряддары менен Бишкек тарапты көздөй жүрүүнү каалап жатат, бир нерсе жасаш керек. Мен аны (Бакиевди) алып чыгып кете турганымды, россиялык истребителдер менин самолетумду калкалашсын дедим. Ал кезде коргоо министри Адильбек Жаксыбеков болчу, мен ага «Самолет бер» дедим. Ал аскердик чалгындоо аркылуу иштеп баштады. Ошто аэропортто шагыл төгүп салышыптыр. Конууга, учууга да мүмкүн эмес. Мен: «Сен муну так билесиңби?» деп сурадым. Ал: «Так эмес, бирок ушинтип айтышты. Ал жакта мүмкүн эмес» деди. Мен: «Самолет жөнөт, төмөндөп көрсүн. Эгерде үймөктөрдү көрсө, анда учуп кетсин, эгерде жок болсо, анда консун» дедим. Курманбекке: «Борт учканы жатат, өзүңдүкүлөр менен даярдан» деп билдирдим. Алар учуп келишти, эч кандай шагыл жок экен. Жолдон үй-бүлөсүн алып, бизге алып келишти. Эгерде муну жасабасак, ал жакта көп кан төгүлмөк», - дейт Казакстандын биринчи президенти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн