Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан ары ал кайрымдуулук менен алектенет.
"Бүгүн мен депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим. Мындан ары кайрымдуулук жана коомдук, маданий иш-чараларга басым жасайм",- деди депутат Назарбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн