Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Нурсултан Назарбаевдин кызы депутаттык наамынан ажыратылды

02.05.2020 14:07
1448
Нурсултан Назарбаевдин кызы депутаттык наамынан ажыратылды


Дарига Назарбаева депутаттык ыйгарым укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.


“Дарига Назарбаеваны Казакстандын Парламентинин сенатынын төрагасы иретинде белсемдүү жана жемиштүү иши үчүн ыразычылыгымды билдирем”, - деген Токаев.


Дарига Назарбаева Парламентинин сенаты болуп 2019-жылы 20-мартта дайындалган.


Ал депутаттардын арасындагы жашыруун добуш берүү менен тандалган. Добуш берүүгө катышкан 44 сенатырдын баары Назарбаеванын талапкерлигин бир добуштан колдогон.


Ал эми Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын 12-августунда Дарига Назарбаеваны Сенаттын депутаты кылып дайындаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн