Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова митингге чыккандардын алдына чыкты.
Ал бир күн мурда добуштарды электрондук эсептөөдөгү мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурап, учурда система туура иштеп жатканын ишендирди.
«Алдын ала чыккан жыйынтыктын юридикалык күчү жок, добуштар кол менен эсептелгенден кийин гана расмий жыйынтык чыгарылат. Биз бардык УШКлардан протоколдорду алыр жатабыз», - деди ал.
Мындан тышкары, Шайлдабекова тараптардын лидерлерин сүйлөшүү үчүн кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн