Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нуржигит Кадырбеков: Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар айсбергдин көрүнгөн гана тарабы

07.09.2022 11:31
329
Нуржигит Кадырбеков: Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар айсбергдин көрүнгөн гана тарабы

Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар айсбергдин көрүнгөн гана тарабы. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, трагедиялуу окуяларга коом өзү күнөөлүү.


"Буга чейин Бурулайдын, Айзаданын жана кечээ эле 13 жаштагы кыздын зордукталышы эми минтип 14 жаштагы кыздын өлүмүн көрдүк.

Бул көйгөйдүн көрүнгөн гана тарабы. Мындай окуялар жашыруун түрдө канча болуп жатат аны эч ким билбейт.


Бүгүнкү күндөгү окуяларга коом күнөөлүү. Анткени коом кайдыгер болуп жатат. Балким кечээки кыз да бакырып жардам сурагандыр.

Мындай кесепеттерге ата-эне күнөөлүү. Бүгүнкү күндө 80 миңден 100 миңге чейин баланын ата-энеси мигрант болуп жүрөт. Алар балдарын ар кимге таштап кеткен. Өзүңө керек болбогон бала бирөөгө эмнеге керек болсун.


Кийинки маселе мектептерге ыйман сабагын киргизели десек, диндер тарыхын киргизип койду. Диндердин тарыхынын эмне кереги.

Адеп сабагын киргизсек балдар кыздарга ата-энеге болгон мамиле үйрөнөбү дедик эле.

Жаштар бузулди дейбиз, жаштар бузулган болсо биз күнөөлүүбүз.



Андан кийинки маселе кылмыштын жазасын күчөтүү. Гуманизм деп гумандуулардын укугун тепселеп жатабыз. Мыкаачыларга катуу жаза берилиши керек. Түрмөгө отурган оңолуп чыкпайт. Ал кайра бузулуп чыгат",- деди депутат Кадырбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн