Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Чикаго шаарында катар-катар ресторандарды ачкан кыргыздар бар экен”

27.02.2024 09:22
1538
Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Чикаго шаарында катар-катар ресторандарды ачкан кыргыздар бар экен”


- Нуржигит мырза, сиз жакында эле АКШга жасаган сапарыңыз учурунда ал жактагы мекендештерибиз менен жолугуп келдиңиз. Алардын жашоо турмушу кандай экен?


- Биринчиден, “балдарыбыз эне тилин унутуп калбас бекен...” деген кооптонуларын айтышты. Экинчиден, мыйзамсыз кирип алып, кайра келе албай жүргөндөр да көп экен. Анан “жумуш визасы боюнча квота алып берсеңиз” деп суранышты. Бул эми өтө кыйын маселе. Бүт дүйнө боюнча “Америкага барып иштесем” деп аракет кылышат. Менин угушума караганда, былтыр эле АКШга 16 миллион киши кириптир. Андыктан, квота маселеси абдан кыйын. Квартира алганга кудурети жетпей, машинада жатып жүргөндөр да бар. Ошол эле учурда ийгиликке жетишкендерди да көрдүк. Чикаго шаарында жакшы компанияларда иштешип, катар-катар ресторандарды, керек болсо кыргыз борборун ачып коюшуптур. Трак компанияларды ачкан балдар бар экен. Пандемия учурунда, элдин баары үйдө отуруп калганда алар тынбай эмгектенишиптир. Бир мекендешибиз бирөөнү машина менен сүзүп алып, камалып кетиптир. Бул окуя бүт трак айдагандарга зыянын тийгизгенин айтышты. Тилекке каршы, бири-бирин алдагандар да бар экен. “Мурда “алдап кетти” деген түшүнүк жок эле” дешет. 


Негизи, америкалыктар күлүп-жайнап жүргөн, мыйзамды сыйласаң сага эч ким тийбеген эл. Бир мекендешибиз “мага ай сайын 350 доллардан берип турушат. Бул “сен биздин өлкөгө жаңыдан келдиң. Турмуштан кыйналып, жаман жолго түшүп кетпе, уурулук кылба” деген саясат” дейт. 


- Биздин элчиликтегилердин айлыктары аздыгын айттыңыз... 


- Айына 1,5 миң доллар алышат экен. Азыркы кымбатчылыкты эске алганда, бул аябай эле жетпеген оокат да.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн