Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Медет Садыркуловдун айтканы аткарылбай калган...”

12.12.2023 10:09
820
Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Медет Садыркуловдун айтканы аткарылбай калган...”


- Нуржигит мырза, сиз комитеттин жыйынында атайын программа боюнча Японияга окууга жөнөөр алдында барбай койгон мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону сунуштадыңыз. Андай учурлар көп болобу?


- Андай учурлар бар. Биз окуган учурда деле болгон, бирок алар эртерээк чечим кабыл алып, ордуна резервдеги башка талапкерлер кетишкен. Азыр болсо ак, же көк дебей, эртең учар алдында барбай коюшат экен. Бул үчүн алар эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Анын кесепетинен орун “күйүп” кетет. Бул үчүн япон өкмөтү канча акча бөлгөн? Ошондой болбошу үчүн эртерээк чечим кабыл алыш керек да. Дегеле “кимде-ким баргандан баш тартчу болсо, мынча суммада айып пул төлөйт, же административдик жоопко тартылат” деген атайын норма киргизүү зарыл. Норма киргизмейин мындай калпыстыктар боло берет. Келишимге кол коюлдубу, ал аткарылууга тийиш. Аткарта албасак, анда бул мамлекетибиздин алсыздыгынын белгиси да.


- Биз билгенден Японияда окуп келгенден кийин талапкер үч жыл мамлекеттик кызматта иштеп берүүгө тийиш. Бул талапты аткарбай, башка ишке котурулуп кеткендер да болсо керек?


- Мен андайларды билбейм, бирок келип иш таппай жүргөндөр болгон. Мисалы, мен кайра келген соң иш таппай калгам. Мен дипломатиялык кызматта иштегендиктен, “бошоо тууралуу арыз жазып кет” дешкенинен айла жок арыз жазып кеткем. Президенттин ошол кездеги администрация башчысы (маркум Медет Садыркулов эле) бизди өзү узатып, “келгениңерде карьералык өсүүңөр башкача болот” деген эле. Тилекке каршы, аткарылбай калган. Ошондуктан бул бир адамга байланган нерсе эмес, система болууга тийиш. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн