Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нуржигит Кадырбеков Жалал-Абадда аскер кызматкерлери менен жолугушту

10.05.2023 16:41
386
Нуржигит Кадырбеков Жалал-Абадда аскер кызматкерлери менен жолугушту



 «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Ош жана Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы Коргоо министрлигинин 52870 аскердик бөлүгүнөн кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Андан соң Ош облусунун Кара-Кулжа районунда бир айга созулган китеп конкурсунун жыйынтыгы болуп, райондун борборунда жоолугушуу болду. Китеп конкурсунун жеңүүчүлөрүнө чоңдор арасында Туркия, Ташкент, Самарканд шаарларына жолдомо ал эми мектеп окуучуларына ноутбук жана Ташкент, Самарканд шаарларына жолдомо, ошондой эле 4,5,6 орундарга уюлдук телефон, «акылдуу» саат жана башка сыйлыктар ыйгарылды.


Өз сөзүндө эл өкүлү: «Дос, кесип жана китепти тандаганда адашпагыла, кээ бир китептерди окусаң сөз байлыгың көбөйүшү мүмкүн бирок жан дүйнөсү карайат. Окусаң жакшы амалдарга түртө турган, ыйманга чакырган китептерди окугула, мисалы, Т.Усубалиевдин, И.Раззаковдун өмүр баяндарын, тарых жана адабий китептер менен сөз байлыкты да, жан дүйнөнү да толтургула», - деген Нуржигит Кадырбеков китеп окуу менен ийгиликтерге жетсе болорун баса белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн