Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:45
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Нуржигит Кадырбеков оорукананы "шыпаакана" деп өзгөртүүнү сунуштады

19.01.2022 16:33
1934
Нуржигит Кадырбеков оорукананы "шыпаакана" деп өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков оорукананын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, оорукана деген сөздө "оору" деген түшүнүк калыптанган.


"Оорукананын аталышын "шыпаакана" деп өзгөртүүнү сунуштайм. Анткени оорукана деген сөздө "оору" деген түшүнүк калыптанган. Ал эми "шыпаа" деген сөздө айыгуу деген сөздүн энергиясы бар",- деди Кадырбеков.


Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукана деген сөз элдин тилине ыңгайлашып калганын билдирип, Кадырбековдун сунушун карап чыга турганын кошумчалады.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Шадыбеков суюмбек
Туура оңдош керек
Анара Сапаралиева
Жакшы болот. Мен кошулам.