Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нуржигит Кадырбеков таксисттер менен официанттарды окутабы?

27.11.2020 17:13
788
Нуржигит Кадырбеков таксисттер менен официанттарды окутабы?

Маданият, маалымат жана туризм министри  Нуржигит Кадырбеков официанттарды жана таксисттерди атайын окутуудан өткөрүү керек дейт. Бул тууралуу ал туризм бизнесин өркүндөтүү  боюнча өкүлдөр менен жолгушуу учурунда билдирди.


Министрдин айтымында, таксисттер туристтерди аэропорттон тосуп алган алгачкы адамдар катары туристтерге кандай мамиле кылуу жолдорун билүүгө тийиш. Ал эми официанттар окутуудан өтсө чет элдик туристтерди сапатту тейлейт.


"Такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктуу. Анткени, алар чет элдик туристтерди аэропорттордон биринчи тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн да уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли, тейлөө маданияты өлкөнүн жана элибиздин биринчи элесин жаратат. Көбүнчө сертификаты бар адистер чет элдик туристтерди тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар",- деди Кадырбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн