Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нуржигит Кадырбековдун жүдөмүштүгү, тажырыйбасыздыгы ушул абалга алып келди

19.01.2021 15:29
1168
Нуржигит Кадырбековдун жүдөмүштүгү, тажырыйбасыздыгы ушул абалга алып келди


Ушунун баары министр Нуржигит Кадырбековдун чечкинсиз мажирөөлүгү, чечимди тарс турс кабыл ала албаган жүдөмүштүгү, башкаруу сапатынын таптакыр жок экендиги, иштин көзүн алып кете албаган тажырыйбасыздыгы!


Самара директор болчумун деп Бишкекке келээри менен "Эй  Самара, биз жогорку истанцияга дагы кайрылабыз, Жогорку Сот эгерде сенин пайдаңа чечим чыгарса,  анан барасың. Ага чейин тынчыбызды алба!!"-деп туруп иттен чыгарып коюш керек болчу.  Байкуш мугалимдер кыйналып кетти, милицияга сүйрөлүп жүрөт, Самара болсо ачкычтарды алмаштырып, окуу жайды өзү билип атат. Албетте, өзү билет, министр арпа жарманын каймагындай былжырап жүрсө!  Юрист эмес мен деле билем даттануу 10 күнгө чейин гана болоорун. Эки жылдан соң берилген даттанууну ырчынын пайдасына чыгара салган соттор аман болсун. Демейде адам тагдыры күйүп атса кечиктиңер деп каада күтүшчү эле. Акчанын күчү керемет болуп кеткен го. Мынча эле чечкинсиз жансыңар. Керек болсо бүгүн өзү барып окуу жайды жайгарып, мугалимдер менен сүйлөшүп,  же Самараны биротоло калтырып, же кетирип окуу тартиптерин жөнгө салып келсе болмок. Кыргызстан боюнча талкуулап атса, талашып бүтө албай жатышса  кимиң тартып алсаң да каалагандай иштей бер дегенсип камсанабай олтурат. ТФУ!! Кор болгон мурдагы директордун, кыйналып милицияга сүйрөлгөн мугалимдердин укугу не болот имиш!! министрлик муну качан ойлонот экен? Же  Самара апчем жашылбайлардан ыргытып салган же жогорку КЫЙЫНДАРДАН бирөө буйрук кылган го, талкан сугунуп алгансып олтурганына караганда.


Баяна Кулова


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн