Бугу 21, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Нью-Йорк штатынын губернаторлук кызматына талапкерге белгисиз адам бычак менен кол салды

22.07.2022 10:49
732
Нью-Йорк штатынын губернаторлук кызматына талапкерге белгисиз адам бычак менен кол салды


Нью-Йорктун губернаторлугуна талапкер, мурдагы президент Дональд Трамптын үй-бүлөө досу, республикачыл конгрессмен Ли Зельдинге белгисиз адам бычак менен кол салганын аймактык WIVB телеканалы билдирди.


Окуяга күбөө болгондордун айтымында, Зелдин Перинтон шаарында шайлоо өнөктүгүндө жүргөндө, бир киши сахнага чыгып, кыйкырып, "аны менен бир аз күрөшүп, бычагын жулуп алган".


Белгиленгендей, агрессорду иш-чарага катышкан америкалык ветерандар AMVETS уюмунун жетекчиси Джо Шанелли тынчтандырды. Андан соң кол салган адам полиция тарабынан камакка алынган.


Кол салуудан конгрессмен жабыркаган эмес. Окуя аяктагандан кийин кайра сөзүн улаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн