Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нью-Йорк соту “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларынын өтүнүчүн канааттандырды

09.06.2021 16:32
1536
Нью-Йорк соту “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларынын өтүнүчүн канааттандырды

АКШдагы банкроттуулук боюнча сот 8-июнда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларынын өтүнүчүн канааттандырды. Нью-Йорктун Түштүк округуна караштуу бул соттун судьясы Лиза Бекермандын чечимине ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартууга, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга тыюу салынат. Ошондой эле кендин ишине байланыштуу контракттарды токтотууга же өзгөртүүгө да болбойт. Бул чектөө бардык жеке адамдарга жана чет өлкөлүк же жергиликтүү өкмөттүк мекемелерге да тиешелүү.


Бул чечим боюнча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек. Бирок Нью-Йорктогу сотто кыргыз өкмөтү жалдаган юридикалык компаниянын адвокаттары Кумтөр алтын кенине тыштан башкаруу киргизүү чечими мыйзамдуу болгонун айтканы белгилүү болду. Кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Нью-Йорктогу соттук териштирүүгө каршы арызданууну көздөп жатканын 8-июнда“The Wall Street Journal” басылмасы жазды.


“Кумтөр Голд” жана “Кумтөп Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын Кумтөр алтын кенин иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 1-июнда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны "Кумтөр Голд" менен "Кумтөр Оперейтингге" каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган эле.


Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллирд доллардык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизген. “Центерра” кыргыз тараптын дооматтарын четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга кайрылган. Арбитраждагы териштирүү качан башталаары азырынча белгисиз.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн