Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нью-Йорк соту "Центерранын" Кумтөрдүн мүлкүн камакка алуу өтүнүчүн четке какты

20.07.2021 21:31
1395
Нью-Йорк соту "Центерранын" Кумтөрдүн мүлкүн камакка алуу өтүнүчүн четке какты


Нью-Йорктогу банкроттулуук боюнча сот Кумтөрдүн мүлкүн жана эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчтү убактылуу канааттандырган жок. Бул тууралуу Кумтөргө сырткы башкаруучу катары дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк "Азаттыкка" билдирди.


Анын айтымында, 19-июлда Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча судья Лиза Г. Бекерман "Центтера Голддун" кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин арызын караган.


Анда адвокат Кумтөргө мыйзамсыз сырткы башкаруу киргизилгенин жүйө кылып, кендин мүлкүн жана эсептерин камакка алууну суранган.


Бөлтүрүктүн айтымында, ишти караган судья арызды канааттандыруудан убактылуу баш тартып, 17-августтагы сот отурумунда кароо чечимин кабыл алды.


Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр” ишканасын банкрот деп таануу боюнча арыздар алгач Кыргызстандын аймагында каралышы керектигин билдирди.


Соңку соттук процесс боюнча “Центерра Голд” комментарий бере элек.


Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылат.


Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.


7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.


Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн