Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Нью-Йоркто президенттин атчан эстелиги алынабы?

22.06.2020 13:25
1107
Нью-Йоркто президенттин атчан эстелиги алынабы?


1940-жылдан бери Нью-Йорктун табигый тарых музейинин кире беришинде турган Рузвельттин ат үстүндөгү коло эстелиги жанындагы жөөчөн индеец жана африкалык үчүн алынат деп маалымдады музейдин жетекчилигине жана шаардын мэрине шилтеме жасаган The New York Times басылмасы.


Нью-Йорктун мэри Билл де Блазионун айтымында, кара түстүү жана түпкүлүктүү калк укуктары кемсинтилген расалар катары кабылданган эстеликти алып салууну музейдин жетекчилиги өтүнгөн. “Шаар музейдин өтүнүчүн колдоду. Бул ыңгайлуу учурдагы туура чечим болду”, - деп айтты ал.


Эстеликти алып салуу жөнүндө чечимди АКШнын 26-президентинин чөбөрөсү жана музейдин камкорчусу 77 жаштагы Теодор Рузвельт IV да колдоду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн