Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Нью-Йорктун соту Дональд Трампты алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты

28.09.2023 10:03
1540
Нью-Йорктун соту Дональд Трампты алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты


Нью-Йорктун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп банктардан жана камсыздандыруу компанияларынан жакшы шарттарды алуу үчүн көп жылдар бою активдеринин баасын жогорулатып келген деп өкүм чыгарды, деп жазды The New York Times.


Басылманын маалыматына караганда, сот Трампты Нью-Йорктун башкы прокурору Летиция Джеймс айыптаган алдамчылык үчүн жоопко тартылышы мүмкүн деп чечти. Сот октябрь айында башталат.


Летиция Джеймс 2019-жылы Трамптын ишмердүүлүгүн иликтөөнү баштап, 2022-жылы сотко кайрылган. Прокурорлордун айтымында, Кошмо Штаттардын мурдагы башчысы жыл сайын өзүнө таандык кыймылсыз мүлктүн баасын көбүртүп-жабыртып, байлыгынын көлөмүн кеминде 2,2 миллиард долларга көбөйтүп турган.


Өзүнүн доо арызында Джеймс Трамп менен анын уулдары Дональд менен Эрикти Трамп уюмунда жетекчилик кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салууну, ошондой эле мурдагы президентке келтирилген зыян үчүн болжол менен 250 миллион доллар төлөп берүүнү талап кылууда.


Өз кезегинде Трамп бул ишти саясий куугунтук деп атады. Кыязы, ал чечимди даттанат деп жазат Bloomberg.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн