Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:31
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Облустар аралык коомдук унаалардын ишин токтотуу маселесин карайбыз, - премьер

07.07.2020 15:47
1397
Облустар аралык коомдук унаалардын ишин токтотуу маселесин карайбыз, - премьер


Республикалык штабда облустар аралык коомдук унаалардын (жүргүнчү ташыган автобустардын) ишин токтотуу маселесин карайбыз. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, облустарга кире бериш жерлерде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүүдө.


"Бишкектин жашоочуларын бул күндөрү аймактарга каттабай турууга, облустардын тургундарына коркунуч келтирбөөгө чакырам. Азыркы учупда, айрыкча оорунун белгилери билинбей же жеңил өткөн кээ бир адамдар өздөрүн дени сак сезишип же кадимки эле сасык тумоо катары кабыл алган учурлар көп кездешүүдө. Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар болушу мүмкүн.


Ооруну жуктуруп алып, бирок кыска убакыттын ичинде өзүн жакшы сезип калган жарандарды башкалар менен байланышпай турууга чакырам. COVID-19 инфекциясына тапшырылган тесттин жыйынтыгы терс чыккандыгына карабастан, жарандарда өпкөнүн сезгенүүсү аныкталган учурлар бар. Ушундай шартта өз алдынча эмес, бир гана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылануу зарылдыгын эсиңерден чыгарбагыла! Бул оорунун күчөп кетишинин алдын алат», - деди премьер-министр. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн