Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Обсервацияда баш ийбей, гигиенаны сактабагандыктан, оорулар көбөйүүдө, - Үсөнбаев

18.05.2020 12:09
887
Обсервацияда баш ийбей, гигиенаны сактабагандыктан, оорулар көбөйүүдө, - Үсөнбаев


Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу Республикалык штаб тарабынан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду.


Н.Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүн, 18-майга карата катталган 78 учурдун 51и чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталды. “Жарандан ар кандай мамлекеттерде, ар кандай шарттарда тургандыгы белгилүү. Ошондой эле мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө”, - деди орун басар.


Анын айтымында, тастыкталган 78 учурдун ичинен: 43 учур Соль-Илецктен келгендер, 4 учур чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, 1 учур чет өлкөдө окууда жүргөн жаран, 3 учур курсаннтар жана 27си байланышта болгондор.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн