Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Обсервацияда дарыгерлерди жөөлөп-түртүп, жаман сөз айткандар чыгып жатат, - Үсөнбаев

10.05.2020 11:13
970
Обсервацияда дарыгерлерди жөөлөп-түртүп, жаман сөз айткандар чыгып жатат, - Үсөнбаев


Бишкекке Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан алынып келген жарандар обсервацияга жөн жатпай, талаптарга баш ийбей жатышат, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлай брифингде. 


Анын айтымында, жаңы келген 542 жаран “Манас” аэропортунун жанындагы Семетей абсерваторуна жайгаштырылган.  


Алар биз койгон талаптарды, эрежени аткарбастан, шарттарды бузуп жатканы кейиштүү болууда. Керек болсо ошол жерде тейлөө көрсөтүп жаткандарга жаман сөз айтып, медицина кызматкерлерин жөөлөп-түртүп, туура эмес мамиле кылган аракеттери катталып жатат. Азыр ал жерге милиция кызматкерлерин көбүрөөк тартканга аракет кылып жатабыз. Ушунча аракет менен канча күн жол жүрүп алып келип, миллиондогон акчалар сарпталып жатат. Ошого карабай тартипти сактабай жатканы кейиштүү болуп жатат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлгө алып жатабыз. Бирок алар бул аракеттерге түшүнүү менен кабыл алып, кары-картаң, ден соолугу начар адамдарга жугуп калуу коркунучтуу экенин түшүнүп мамиле кылса жакшы болмок. Шартты түзүп жатканыбызды туура эмес кабыл алып жатышат. Жалпы адамдарды талаптарга көнүүгө чакырат элек”, - деди ал.


Орун басар кошумчалагандай, алардан дагы бир ирет тастыктоо анализи алынып, андан кийин жыйынтыктарынын жараша үй карантинине жиберилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн