Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:05
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Обсервациядагы 2 миңден ашык адам үй карантинине чыгарылды

25.03.2020 09:21
870
Обсервациядагы 2 миңден ашык адам үй карантинине чыгарылды


Коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгон деген шек менен обсервацияга алынган жарандардын 2014тү үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Айнура Акматова бүгүн, 25-мартта өкмөттөгү маалымат жыйында билдирди. 


Анын айтымында, обсервацияда кармалып, керектүү дарылоодон өткөн жана өз мөөнөтүнүн аягына чейин болуп, анализи таза чыккан адамдар үй карантиниге чыгарылды. Учурда абсервацияда 585 жаран бар.


Акматова үй карантинине чыгарылган жарандарга кайрылып, өздүк гигиенаны туура сактап, эл менен байланышты токтотууну, үйүнө киши чакырбоону өтүндү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн