Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Обсервацияга алынгандардын арасында чиновниктердин жакындары да бар

18.03.2020 16:52
790
Обсервацияга алынгандардын арасында чиновниктердин жакындары да бар


Кыргызстандан зыярат кылуу үчүн Сауд Аравиясына өз алдынча кетишкен жарандар ал жактан эч кандай карантинге же обсервацияга алынган эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, коронавирус катталган ажычылардын тобу Муфтият тарабынан уюштурулган эмес. Өз алдынча турист катары чакан ажылык кылуу сапары менен кетишкендер болуп чыкты. 


"2-3-мартта келген зыяратчылар эч кандай карантинге алынган эмес. Аларды да колдон келишинче тактап, текшерүү чараларын уюштурабыз. Кийинки 12-мартта келген зыяратчылардын тобу гана обсервацияга алынып, азыр текшерүү, изилдөө иштери жүрүп жатат", - деди ал. 


Ал кошумчалагандай, Умра жана Хаджга барган зыяратчылардын арасында чиновниктердин жакындары бар же жок экенине кызыккан эмес.


"Бирок чет мамлекеттен келгендердин ичинде депутаттардын эжеси, жубайы, министрдин туугандары, губернатордун кызы, жакын туугандары бар. Барына бирдей чара көрүп, абсервацияга алып медициналык байкоо жүргүзуп жатабыз", - деп кошумчалады Т.Исаков.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн