Бүгүн, 1-августта Украинанын Одесса шаарынын портунан жүргөрү даны жүктөлгөн алгачкы кеме Түркияга багыт алды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка таянсак, 26 миң тонна Украинанын жүргөрү даны "Разони" кемесине жүктөлгөн. Ал бүгүн 08:30да Одесса портунан Стамбулга карай багыт алган.
Жүк эртең саат 15:00дө Стамбулга жеткирилет жана текшерүүдөн өткөрүлөт.
Текшерүүдөн соң кеме жүктү таратуу үчүн Ливанга жеткирилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн