Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Округдан шайлана турган талапкерлер 13-октябрга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

06.09.2021 14:52
1031
Округдан шайлана турган талапкерлер 13-октябрга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу округдардан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин берүү мөөнөтү жөнүндө маалымдайт.


КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы чечими менен бекитилген 2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук жана практикалык чаралардын графигине ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү округдардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.


Шайлоо округдарынын схемалары жана чектери шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен же 2021-жылдын 6-сентябрына чейин түзүлөт жана бекитилет.


Ошол эле учурда, округдардын тизмеси БШКнын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2021 -жылдын 10 -сентябрына чейин жарыяланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн