Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.
Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом талап кылышкан. Кармоо Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн. Департамент операциянын чоо-жайын кийинчерээк берүүнү убада кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн