Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 21:25
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Октябрь райондук милициясынын лейтенанттары жаранды жоопко тартабыз деп коркутуп, акча талап кылган

20.05.2022 20:09
528
Октябрь райондук милициясынын лейтенанттары жаранды жоопко тартабыз деп коркутуп, акча талап кылган

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы жана УКМК менен биргеликте, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ШМБ-3 (ГОМ-3) аймактык тескөөчүлөрү; милициянын ага лейтенанты А.У.Э., милициянын лейтенанты А.уулу И. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.  Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Тергөөдө, аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде О.Г. аттуу жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталды.  


Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн