Бомба тууралуу маалымат Бишкектин Октябрь райондук сотуна да түшкөн. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев Фейсбукта билдирди.
«Биз Октябрь райондук сотунда өтүп жаткан сот процессинде отурганбыз, милиция кызматкери кирип, бомба болгонун айтып, бардыгын соттун имаратынан чыгып кетүүнү талап кылды», - деп жазган ал.
Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен милицияга Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку жана Ленин райондук сотторунун имараттарында, ошондой эле Asia Mall соода борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн