Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 10:34
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Октябрь районунун акими Куценко коррупцияга шектелип кармалды

Октябрь районунун акими Куценко коррупцияга шектелип кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Октябрь районунун акими Константин Куценкону коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен кармаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 


Белгилүү болгондой Куценко бул кызматка 2-ноябрда келген болчу. 

Куценко 23-ноябрда камакка алынган жана соттун өкүмү менен конфискацияланган жер участогун ээсинен кайтарып алуу жана өзгөртүү боюнча коррупциялык схеманын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Каржы полициясы бул кылмыш иши боюнча мурда Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер бөлүмүнүн башчысы Ч.С. жана райондор аралык соттун экс-судьясы Ж.Н.аттуу жарандарды кармаган эле.


Тергөөнүн натыйжасында, 2016-жылы материалдык пайда алуу үчүн, тааныштарын пайдаланып, жеке адамдар Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланыштары түзүп, "Г.Э" ачык акционердик коомунун кызыкчылыгын коргоп келишкен.


Финпол бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку даражалуу чиновниктердин жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн