Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Октябрь “төңкөрүшчүлөрү” эмнеге көчөдө калганы турат?

02.02.2021 09:07
1053
Октябрь “төңкөрүшчүлөрү” эмнеге көчөдө калганы турат?


Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты тапшыргандан кийин анын орду бош калып, өкмөт башчылыкка Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов сунушталууда. 1-февралда аны Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция колдоп, эми парламент жалпы шайлай турганы күтүлүүдө. Президенттик аппараттын оозун карап гана иш кылган 6-чакырылыш кыңк этпей Мариповго добуш бере турганы белгилүү. Демек, ушул жуманын аягына чейин жаңы министрлер кабинети толугу менен ишке кирип калышы толук мүмкүн.


1-февраль күнү кечинде өкмөттүн болжолдуу курамы жарыяланды. Бул тизмеде 5-6-октябрдагы тополоңдо, бийлик алмашууда активдүү катышкан вице-премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Элвира Сурабалиева менен Максат Мамытканов жок. Ошондой эле маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, айыл чарба жана милорация министри Тилек Токтогазиевдер “боттон ары ыргытылганын” байкоого болот. Мындан сырткары октябрь окуяларынын “котализатору” Сыймык Жапыкеевдин орду (Финполиция) жоюлуп, анын милдети ИИМге жүктөлгөнү жатканы кабарланууда. Демек, жогорудагы 5 “революционер” ээлеп турган креслосунан айрылат.


Кандай болгон күндө да бул “төңкөрүшчүлөр” 3 айдан ашык убакыт иштеп өздөрүн көрсөтө албады. Бири да көзгө көрүнө турган, элдин купулуна толгон иш жасаган жок. Бийликке келе электе 10 олигархты бир камай турганын айтып күпүлдөгөн Жапыкеевдин артынан далай сөздөр ээрчиди. Сурабалдиева болсо курулай пиар менен алектенип, мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаргандан башка эсте кала турган иш кылбады. Эл деле митингде кыйкырып чыккандар чыныгы популисттер экенине ынанып калды. Эми жаңы өкмөт элдин ишенимин актап, президент Садыр Жапаровдун шайлоо алдында берген убдаларын жүзөгө ашырууга аракет кылса.

 

Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн